Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Путин "Новороссияда" курман болгондорду эскерди


Орусия президенти Владимир Путин украин куралдуу күчтөрүнө каршы күрөштө мерт кеткен жана жарадар болгондордун урматына чиркөөдө шам жагып, таазим кылды. Москвадагы чиркөөнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө ал Украинанын чыгыш аймактарын “Новороссия” деп атады. Путин шамды “Новороссиянын элин коргоп өмүрүн берген жана жарадар болгондорго арнап жакканын” айтты.

Киев жана НАТО Орусия украинанын чыгышына миңдеген аскер жөнөткөнүн ырасташууда. Москва далилдерге карабай, кошуна өклөдөгү окуяларга кийлигишкенин четке кагууда.

Новороссия деп орус падышасынын учурунда чыгыш жана түштүк Украина кирген аймак аталчу. Путиндин бул терминди пайдаланышы Кремль ал жерлерге көз артууда деген чочулоололрго жем таштап келатат.

XS
SM
MD
LG