Польша орус газынын импорту акыркы күндөрдө 45 пайызга азайганын билдирди. Жергиликтүү PGNiG компаниясынын маалыматына караганда, жаратылыш газынын көлөмү 9-сентябрдан тарта төмөндөй баштады. Германия менен Словакия да Орусиядан келген газ, мындай көлөмдө болбосо да, азайганын айтышууда. Орусиянын "Газпром" компаниясы газ берүүнү кыскартканын четке кагууда. Ал эми Украина "Газпром" муну менен газдын ошол өлкөлөрдөн Украинага берилишин кыскартууну көздөөдө деп айыптады.
Жыл башында баа боюнча талаштан улам, "Газпром" Украинаны газ менен камсыздоону токтоткондон кийин Польша жана Евробиримдиктин башка мүчөлөрү орус газынын бир бөлүгүн Киевге сата баштаган.
Польша ушу тапта Украинага реэкспорт убактылуу токтотулганын билдирди.