Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

Пермь шаарында өрт кыргызстандык балдардын өмүрүн алды


Окуя 6-сентябрда Пермь шаарынын Киров районунда болгон.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча белгисиз адамдар кыргызстандык мигранттар жашаган үйдүн эшигинен шланг киргизип, ага күйүүчү май куюп өрт коюшкан. Терезелер темир тор менен тосулгандыктан үй-бүлө тузакта калып, натыйжада тогуз, жети жана үч жаштагы үч бала жашоо менен кош айтышты. Ата-энеси колундагы бирдеги баласы менен тирүү калган. Балдар каражаттын тартыштыгына байланыштуу Пермь шаарына эле коюлду. Бул тууралуу Пермь шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Асылбек Алымкулов билдирди.

Пермь облусунун тергөө комитетинин маалыматына ылайык, Кылмыш кодексинин 105-беренеси боюнча (эки же андан ашык адам өлтүрүү, жаш балдарды өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, шектелген жергиликтүү эки киши камакка алынды. Алар мурда үй-бүлө менен бир нече жолу катуу урушуп, жеке кастыктан улам кылмышка барган болушу мүмкүн деп айтылды.

XS
SM
MD
LG