Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Керри "Ислам мамлекети" уюмунун желдеттерине каршы аракеттерди талкуулоодо


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сауд Арабияда региондогу өнөктөштөр менен “Ислам мамлекети” уюмунун жихадчыларына каршы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ага Сауд Арабиядан тышкары "Перси булуңундагы кызматташтык кеңешине" кирген Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар жана Араб Эмираттары, ошондой эле Египет, Ирак, Иордания, Ливан жана Түркиянын расмий өкүлдөрү катышууда. Керри жыйындын алдында саудиялык кесиптеши жана Бахрейндин тышкы иштер министри менен кездешти. Жидда шаарындагы жолугушууну утурлай президент Барак Обама Ирак жана Сириянын ири бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн жоочуларга каршы “аеосуз” кампания жүргүзүлөөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG