Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Көчмөндөр оюну: кыргыз улакчылары алдыда


Чолпон-Атада өтүп жаткан Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында 11-сентябрь күнү көк бөрү боюнча кыргызстандыктар өзбек жана тажик чабандестерин ири эсепте утту.

“Кыргызстан-1” командасы тажикстандыктардын үстүнөн 19:1 эсебинде жеңишке жетсе, “Кыргызстан-2” командасы өзбекстандыктарды 11:0 менен утуп алды.

Түркиянын улакчылары оогандыктарды 5:0 менен, Алтайдан келген көкбөрүчүлөр монголиялыктарды 13:1 эсебинде жеңди.

12-сентябрда "Кыргызстан-2" командасы түрктөргө каршы майданга түшөт. "Кыргызстан-1" командасы алтайлыктар менен беттешет. Финалдык оюндар 14-сентябрда өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG