Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

УОК коңшу өлкөлөрдүн президенттерине кайрылды


Улуттук оппозициялык кыймыл президент Алмазбек Атамбаевдин 31-августтагы билдирүүсү боюнча Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттерине кайрылуу жасады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, кыймыл кайрылууда президент Атамбаевдин коӊшу мамлекеттердин дарегине карата айткан «сынын» кескин түрдө айыптап, четке кагаарын билдирген. Ошондой эле оппозиция сырттан эч качан каржылык жардам албаганын белгилеген.

"Улуттук Оппозициялык Кыймыл кыргыз калкы кылымдап коӊшу жашаган бир тууган казак, өзбек жана тажик элдерине жана алардын лидерлерине сый-урмат менен мамиле кыларын баса белгилейт. Биз сиздерди Атамбаевдин орой, далилсиз айыптоолоруна көӊүл бурбай, ата-бабалардан мураска калган бир туугандык, достук мамилени жана коӊшу мамлекеттер ортосундагы стратегиялык кызматташууну өнүктүрүүгө чакырат” деп айтылат кайрылууда.

Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата кайрылуусунда президент Алмазбек Атамбаев түштүктөгү газдын өчүрүлүшүн өлкөнү чайпалтуу аракети деп баалап, буга өлкөдөгү айрым саясатчылар себеп болуп жатканын билдирген. Мындан улам коңшу өлкө жетекчилерине кайрылып, ынтымакта жашоого үндөгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG