Түштүк Африкада Претория соту жөө күлүк Оскар Писториусту кокустан адам өлтүргөн деп тапты. Сот андан атайылап адам өлтүрүү беренесин алып салган. Ошого карбай ал узак мөөнөткө түрмөгө кесилиши мүмкүн. Сот Токозиле Масипанын белгилешинче, Писториус окуянын натыйжасын ойлонбостон аракет кылган. Ал эми тергөө спортчу өзүнүн курбу кызын атайылап өлтүргөн деп эсептейт.
Писториус өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган эмес. Ал үйүнө ууру кирди деп эсептеп, курбу кызын билбестен атып алганын айтууда. Жөө күлүк 14-февралда өлкө баш калаасы Преториядагы өз үйүндө сүйлөшкөн кызы, 30 жаштагы модель Рева Стенкампты атып салган деп шектелүүдө.
Эки бутунун тең тизесинен ылдый жагы ампутацияланган 26 жаштагы Писториус өз өлкөсүндө “тирүү легендага” айланган эле. Ал майыптыгына карабай, кесилген буттарын тизесинен ылдый улаган жабдуунун жардамы менен чуркап, кадимки Олимпиадага катышкан. Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатында байге алган. (КЕ)