Чолпон-Атанын ат майданында өтүп жаткан көкбөрү оюнунда “Кыргызстан 2” командасы менен Түркиянын командаларынын бетешүүсүндө 15:4 болду.
Ооганстан - Өзбекстан 8:1; Монголия -Тажикстан 2-14; “Кыргызстан 1” командасы менен Орусиянын (Алтай) командасы 14-6 упай менен ойношту.
Бүгүн тайпадагы оюндар жыйынтыкталды. Көкбөрүнүн байгесине 4 миллион сом каралган. Финалда “Кыргызстан 1” менен “Кыргызстан 2”, ал эми үчүнчү жана төртүнчү орун үчүн Түркия менен Орусиянын Алтай республикасынын командалары беттешет. (MK)