Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Москва соту “Мемориалды” чет элдик агент деп тапты


Москва шаардык соту “Мемориал” укук коргоо борборун чет элдик агент катары каттоо боюнча прокуратуранын талабын мыйзамдуу деп тапты. “Аппеляциялык коллегия соттун мурдагы чечимин мыйзамдуу деп таап “Мемориалдын” арызын кароодон баш тартты”,- деп жазат ИТАР-ТАСС агенттиги.

Өткөн жылдын жазында аталган “Мемориал” текшерүүгө алынып, укук коргоочулар коммерциялык уюмдар жөнүндө мыйзамга ылайык иштөөгө милдеттендирилген. Аталган борбор сотто чет жактан каржыланарын талашкан эмес, бирок алар кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн саясий иштерге кийлигишет деген прокуратуранын жүйөлөрүн четке кагууда.

Орусияда бейөкмөт уюмдарга байланыштуу мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Бул мыйзам чет өлкөдөн акча алган жана саясий ишмердүүлүк кылган бардык бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агент” катары каттоону талап кылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG