Бул тууралуу Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушууда белгилүү болду. Жолугушууда Кытай өкмөтү Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган алтернативдүү жолдун курулушунун экинчи фазасына 300 миллион долларга жакын жеңилдетилген насыя бөлмөй болду. Эки президент ШКУнун саммитинин алкагында жолукту.
Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек - Ош жолуна катарлаш түштүк менен түндүктү байланыштырчу жаңы жол куруу демилгесин көтөргөн. Апрель айында жолдун курулушу расмий башталган. 460 чакырымдан ашык жолдун курулушуна болжол менен 700 миллион доллар сарпталат. Буга чейин жолдун биринчи фазасын бүтүрүүгө Кытайдын "Экспорт-импорт" банкынан 400 миллион доллар насыя алынган.(BkA/UEz)