Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Яценюк: Украинаны жалгыз НАТО коргой алат


Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк бүгүн Киевде өтүп жаткан Yes форумунда сүйлөп жатып, анын өлкөсүн жалгыз НАТО коргой ала тургандыгын айтты.

Ал Донбасстагы кризисти чечүүдө Орусия менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтык бербестигин кошумчалап, ал үчүн АКШ, Евробиримдик, Украина жана Орусия биргелешкен Женева форматындагы жолугушууну колдоорун билдирди.

Ошондой эле өз сөзүндө Яценюк анын "Элдик фронт” деп аталган партиясы 26-октябрга белгиленген мөөнөтсүз шайлоого Порошенконун блогуна кошулбай, өз алдынча барарын кабарлады.

- Биз президент менен биргеликте шайлоого бармакпыз. Бирок мени Петро Порошенконун блогу канааттандырган жок. Биз ар башка лагерде болгонубуз менен бизди өзгөрүүлөр үчүн реформалар бириктирип турат,- деди украин премьер министри.

Мурда Украинанын бир топ маалымат каражаттары шайлоого президент менен премьер-министрдин партиялары биригип, катышарын жазып чыгышкан.

YES - Европаны өнүктүрүү стратегиясын талкуулаган жыл сайын өтчү форум. Быйылкы 11-форум «Жаңы Украина, жаңы Европа, жаңы дүйнө” деген аталышта өтүүдө. Ага 20дан ашык өлкөдөн келген 350дөй белгилүү саясатчы, ишкерлер жана журналисттер катышууда.

XS
SM
MD
LG