Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Оторбаев: Орусияга каршы санкциялар бизге да таасир этиши мүмкүн


Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, Орусия Кыргызстандын эң ири экономикалык өнөктөшү. Эгер бул өлкөнүн каржылык, экономикалык абалы начарласа, Кыргызстанга да таасири тийиши мүмкүн:

- Орусиянын экономикалык абалы начарласа, анын анча-мынча таасири бизге да тиет. Бирок бул өлкө учурда терең кризиске кептелген жок. Ошондуктан, кыска мөөнөттө мындай кырдаалдан чыгат деп ишенбиз, - деди Оторбаев.

Өкмөт башчы Кыргызстан ар кандай кырдаалга даяр болуп турушу керектигин айтып, учурда мындай анализдер жүрүп жатканын кошумчалады.

Евробиримдик жана АКШ Орусиянын Украинанын чыгышындагы окуялар боюнча айыптап, бир катар экономикалык санкцияларды киргизген. Cанкциялардын жаңы толкуну 12-сентябрда күчүнө кирди. Жаңы санкцияларга ылайык, “кара тизмеге” "Роснефть", "Транснефть" жана "Газпром нефть", “Уралвагонзавод” компаниялары киргизилди. Шаркеттин мүчөлөрүнө аларды каржылоого жана насыя берүүгө мындан ары тыюу салынмакчы. (BkA)

XS
SM
MD
LG