Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Кытай ШКУга 5 млрд. доллар насыя берет


Кытай Шанхай кызматташтык уюмунун биргелешкен экономикалык долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 5 млрд. доллар насыя бөлүүгө даяр. Бул тууралуу ШКУнун Дүйшөмбүдө өткөн 14-саммитинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпин билдирди. Анын айтымында, буга чейин ШКУну өнүктүрүү фондун жана банкын түзүү максатында 1 млрд. доллар каралып келсе, эми бул сумма 5 млрд. долларды түзөт.

11-12-сентябрда Тажикстандын баш калаасында ШКУнун кезектеги жыйыны болуп, уюмга мүчө Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан президенттери аймактагы жана дүйнөдөгү саясий кырдаалды талкуулашты. Мындан тышкары саммитке Иран, Индия, Монголия, Ооганстан жана Пакистан лидерлери байкоочу катары катышты. Саммит соңунда Дүйшөмбү декларациясына жана онго жакын документке кол коюлду. (UEz)

XS
SM
MD
LG