Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун уставы бекитилди


Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулгандан кийин экономиканы колдоо максатындагы өнүктүрүү фондунун уставы бекитилди. Учурда анын башкаруу органдарын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иштер бүткөн соң, фонд каржылай турган алгачкы долбоорлор аныкталмакчы.

"Алгачкы долбоор быйыл жыл соңуна чейин аныкталып, Орусия убада кылган каражат келе баштайт", - деди Оторбаев.

29-майда Астанадагы саммитте Бажы биримдигинин түзүүчүлөрү Орусия, Казакстан жана Беларус Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөттөрү жана шарттары боюнча жол картасын кабыл алган. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө жардам берүүгө Орусия убада кылган. Эки өлкөнүн экономика министрлери кол койгон келишимге ылайык, Кыргызстанда Өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага Орусия 1 млрд. доллар бөлмөк болгон. Орус тарап ошондой эле Кыргызстанга 200 млн. доллар грант бөлүүнү чечкен.(BkA)

XS
SM
MD
LG