Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Украин армиясы Донецк аэропортундагы чабуулдун мизин кайтарды


Украина армиясы жикчилдердердин Донецк аэропортуна жасаган чабуулунун мизин кайтарды. Бул тууралуу армия өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, ок атышууну токтотуу боюнча келишимге карабай орусиячыл жикчилдер өкмөттүк аскерлер көзөмөлдөгөн аэропортко чабуул койгон. Өз кезегинде жикчилер өкмөттүк аскерлерди тынчтык келишимди бузду деп айыптап жатышат.

5-сентябрда Минск шаарында Украинанын өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол койгон.

XS
SM
MD
LG