Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Чаткал: алтын ишканасын тоноого шектүү дагы бир адам кармалды


Чаткал районундагы Куру-Терек алтын кенин иштеткен кытайлык “Фонта” компаниясын карактоо фактысы боюнча шектелген дагы бир адам колго түштү. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Темирлан Мавляновдун “Азаттыкка” билдиришинче, 13-сентябрда Ноокен районунун 35 жаштагы тургуну кармалды. Анын үйүн тинтүү маалында эки жылтырак баштыкка өз-өзүнчө оролгон, болжол менен 2 килограммдай алтын жана 50 миң сом табылды. Шектүү кылмышты мойнуна алды. Дагы бир адамды издөө уланууда.

Жалал-Абад милициясы аталган факт боюнча 10-сентябрда да бир кишини кармаган.

Чаткалда 7-сентябрга караган түнү “Фонта” деп аталган кен казуучу кытайлык компания тонолгон. Кол салуудан ишкананын үч кызматкери жарадар болгон. Ок жеген бир адамдын абалы оор экени айтылган. Милиция 5 килограммдай алтын жана 300 миң сом уурдалганын билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG