Ысык-Көлдө өтүп жаткан Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкбөрү боюнча финалга кыргызстандык эки команда чыкты. Ушул тапта “Кыргызстан-1” жана “Кыргызстан-2” командаларынын чабандестери күч сынашууда.
Ал эми үчүнчү орун үчүн Түркия менен Алтайдан келген улакчылар майданга чыгып, 4:0 эсебинде алтайлыктар утуп алды.
Оюндар башталгандан бери көкбөрү боюнча өткөн беттештерде түрдүү өлкөлөрдөн келген 8 команда эки тайпада күч сынашты.
Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 9-сентябрда башталган. Ага катышуу үчүн 19 мамлекеттен 430 спортчу келген. Иш-чарада көчмөндөргө таандык спорттун 10 түрүнөн мелдештер өтүп жатат. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан биринчи, Казакстан экинчи, Түркмөнстан үчүнчү орунда келатат.
Бүгүн оюндардын жыйынтыктоочу күнү. Жабылуу аземи кечинде Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт. (SE)