Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Кара-Суудагы “хизбутчу”-активистти күч кызматкерлери кармап кеткени кабарланды


Ош облусунун Кара-Суу шаарында жашаган, “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөсү экенин ачык айтып келген активисттердин бири Диляр Жумабаевди 13-сентябрь күнү УКМК өкүлдөрү үйүнөн токмоктоп, алып кеткени тууралуу анын жакындары “Азаттыкка” кабарлады. Редакцияга Жумабаевдин бети-башы кан болгон сүрөттөрү да жөнөтүлгөн. Маалыматка ылайык, ишемби күнү атайын кызмат өкүлдөрү Кара-Суудагы “хизбутчу” деп шектелген үч кишинин үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

“Азаттыктын” булагынын маалымдашынча, эртең мененки саат 6:30да башталган тинтүүгө ондогон күч кызматкерлери катышкан. Диляр Жумабаев алардан атайын уруксат кагаз сурап, үйгө киргизбеген соң орган өкүлдөрү дарбазадан ашып түшкөн жана ага күч колдонушкан.

УКМК бул боюнча расмий комментарий бере элек. Бирок “Азаттыкка” жеткен айрым маалыматтарга ылайык, текшерүү атайын уруксат кагаздын негизинде жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG