Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Апрел окуясы боюнча иш Аскердик сотто карала баштады


2010-жылдагы 7-апрель окуясына байланыштуу соттук иштерди Бишкектин аскердик соту карап баштады. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Осунбек Жамансариев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 25-июлда чыккан Бишкек гарнизондук сотунун өкүмүн эки тарап тең жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолгондор актоону өтүнүшсө, жабырлануучулар жазасыз калгандарды кылмыш жообуна тартууну суранууда.

25-июлда Бишкек гарнизонунун Аскердик соту “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актаган чечим чыгарган. Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан эркинен ажыратылса, мурда жогорку кызматта жүргөн бир катар кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген. (UEz)

XS
SM
MD
LG