Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:31

Жумгалдагы өрт өчө элек


Жумгалдын Каныш капчыгайындагы өрт дале толук өчүрүлө элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, 10-сентябрда тутанган тилсиз жоо 600 гектар аянттагы бак-дарактарды жана куураган чөптөрдү жок кылган.

Бейшемби күнү Жумгалдын Каныш капчыгайындагы өрттү өчүрүү учурунда өрт коопсуздугу агенттигинин №43 бөлүгүндө иштеген 28 жаштагы Алтынбек Дүйшөналиев жана Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү, 32 жаштагы Аваз Нуралиев каза тапкан.

Бүгүн каза болгондордун үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 50 миң сомдон акчалай жардам берилди. (UEz)

XS
SM
MD
LG