Жакын арада Бишкекте Түркмөнстандын элчилиги ачылат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Түркмөнстандын президенти Бишкекте элчилик ачуу боюнча жарлыкка 28-июлда кол коюп, элчилик кызматка Батыр Ниязлиевди дайындаган.
Бишкекте 22 мамлекеттин элчилиги бар. (UEz)