Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Ирак согушкерлерге каршы күрөштү тездетүүгө чакырууда


Ирактын президенти Фуад Mасум өзүн "Ислам мамлекети" деп жарыялап алган куралчан топко абадан сокку урууну тездетүүгө чакырууда. Бүгүн Парижде Ирактагы кырдаалды талкуулаган жыйында сүйлөп жатып ал "эгер чечкиндүү күрөштү тездетпесе согушкерлер азыркыдан да көп жерди ээлеп алуу коркунучу бар" экенин эскертти. Жыйынга 26 өлкөнүн өкүлү катышууда.

Ирак президенти ошондой эле согушкерлердин катары чет өлкөлүктөр менен толукталып жатканын айтып, аларды жөнөтүү боюнча каржы булактарын бууш керектигин кошумчалады.

Франция президенти Франсуа Олланд Ирактагы согушкерлер көйгөйү глобалдуу маселеге айланып бараткандыктан ошого жараша глобалдуу чаралар көрүлүшү керектигин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG