Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

Баткенде тамеки жыйноо башталды


Баткен облусу боюнча тамеки жыйноо өнөктүгү башталды. Быйыл 550 гектардан ашык жерге кара тамеки (насывай жасалчу) айдалган. Мындай маалыматты облустук акимчиликтен “Азаттыка” билдиришти.

Бул өсүмдүктөн жалпы түшүмү 22 миң тонна тегерегинде болуп, киреше 330 млн. сомдон ашат. Быйылкы жылы тамеки эккендер көп болгондуктан ар бир килограммынын баасы 150-220 сомдон сатылууда. Өткөн жылы бир килосу 220-300 сомдон сатылган. Аймактан өндүрүлгөн тамекиден насывай жасалып, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Ооганстанга чейин экспорттолот.

Дарыгерлер насывай колдонуу ден соолукка олуттуу зыян алып келерин эскертип, насывайдын курамына тамеки, акиташ, клей, отун күлү кошулгандыктан ракты жана ашказандын жарасын пайда кылаарын айтып келишет.(JsA)

XS
SM
MD
LG