Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Воронеж соту Савченкону абактан күрөөгө чыгаруудан баш тартты


Орусиянын Воронеж шаардык соту украиналык учкуч Надежда Савченкону тергөө абагында кармоо мөөнөтүн 30-октябрга чейин узартты. Ошентип судья аны адвокаттары өтүнгөндөй 1 миллон рубл күрөөгө үй камагына чыгаруудан баш тартты.

Орусиянын Тергөө комитети Савченкону Луганскта орус журналисттерин өлтүргөн, кийин качкын катары Орусияга келип алган деп айыптоодо. Ал эми Савчено жана Украина бийлиги аны орусиячыл жикчилер кармап алып Орусияга өткөрүп бергенин айтып жатат. Жакында украин президенти Порошенко Савченкону "Эрдик үчүн" ордени менен сыйлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG