Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Сузакта мыйзамсыз сатылган айдоо жерлери аныкталды


Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүндө төрт гектарга жакын айдоо аянты мыйзамсыз түрдө, эч кандай документсиз жарандарга үй салуу үчүн сатылып кеткени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун акими Нурболот Мирзахмедов билдирди. Ал 15-сентябрь күнү Найман айылына барган учурда айдоо аянттарында курулуш иштери жүрүп жатканын көргөн. Аким айыл өкмөт башчысына эскертүү берип, бир күндүк убакыт ичинде жер бөлүштүрүү жараяны кандай жүргөнүн жана аймакта дагы ушундай канча жер бар экенин аныктоону тапшырды.

Факт боюнча ошол эле күнү райондук милиция териштирүү иштерин баштады жана текшерүү комиссиясы түзүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG