Мурдагы айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаевдин соту жылдырылды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан жараянды жылдырууга күбөлөрдүн келбей калганы себеп болду. Кийинки жараян 18-сентябрда уланмакчы.
Башкы прокуратура Узакбаевди министр болуп турганда бир тууган инисине тартып, аны АКШ берген акчадан кредит алуучулар тизмесине мыйзамсыз киргиздирип койгон деген айып тагууда.
Узакбаев айыл чарба жана мелиорация министри болуп 2012-жылы сентябрь айында дайындалып, быйыл январда президенттин жарлыгы менен кызматынан алынган.(BkA)