Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:54

АКШ “Ислам мамлекетинин” турумдарына сокку урду


Аба соккусу бул ирет алгачкы жолу “Ислам мамлекети” тобунун ирак борбору – Багдаддын жанындагы турумдарына жасалды. АКШнын Борбордук командачылыгы кабарлагандай, 14-15-сентябрдагы аба соккуларынан “Ислам мамлекети” тобунун алты унаасы, ок аткан бир туруму жок кылынды.

Бул жаңылыктын алдында, кечээ Париждеги жыйында 30дай өлкө Ирактын өкмөтүнө “Ислам мамлекетине” каршы күрөштө “талаптагыдай аскерий жардам” берүүнү макулдашкан эле.

Ирак менен Сириянын ири бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Ислам мамлекети” тобунда АКШ чалгын кызматтарынын эсебинде, 31,5 миңге чейин согушкер бар.

Президент Барак Обама бул топтун турумдарына абадан сокку уруу операциясы кеңейтилерин өткөн аптада жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG