Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Украин парламенти Донбасска “өзгөчө макам” берүүчү мыйзамды кабыл алды


Мыйзамга ылайык “өзгөчө макам” өлкөнүн чыгышындагы Донецк жана Луганск облусунун айрым райондоруна үч жылдык мөөнөт менен ыйгарылат.

Украин парламенти бүгүн жабык эшик артындагы олтурумда өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилер ортосундагы жаңжалдын катышуучуларына мунапыс берген мыйзамды да жактырды.

Чыгыш Украинадагы урушту токтотууну көздөгөн бул мыйзамдар эки жак 5-сентябрда жетишкен макулдашуунун шарттарына шайкеш келет.

Президент Петро Порошенконун айтымында, “өзгөчө макам” мыйзамы Украинанын суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын кепилдейт.

Мыйзамга ылайык, Донецк менен Луганста мөөнөтсүз жергиликтүү шайлоо 7-декабрда өткөрүлүүсү керек.

Лугансктагы жикчилердин лидери Игорь Плотницки мыйзам жаңжалды тынчтык жол менен жөнгөрүүгө мүмкүндүк берерин, бирок али көп суроолор бардыгын белгиледи.

Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн урушунан азыркыга дейре 3000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG