Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Эбола менен күрөшүү үчүн кеминде бир миллиард доллар керек


Улуттар уюмунун билдиргенине караганда, эбола вирусу менен күрөшүүдө талап кылынуучу каражаттын көлөмү бир миллиард долларга өткөн айда эле жеткен. Эгер вирусту жуктургандардын саны көбөйсө, бул каражат дагы өсөт.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчилеринин бири Брюс Эйлуорд бүгүн Женевадагы басма сөз жыйында билдиргендей, азыркыга чейин вирусту жуктурганы аныкталган 4985 кишинин 2400дөн ашууну каза болду.

Эйлуорд Батыш Африкадагы эбола эпидемиясын “биздин учурдун аналогу жок” кризиси деп атап, илдетке кабылгандар саны 20 миңге жетиши мүмкүн деген мурдагы божомол аша-чапкандык эместигин белгиледи.

АКШда бүгүн президент Барак Обама Батыш Африкада жайылып жаткан бул илдетке каршы күрөшүү планын Атланта шаарында, оорууларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча федералдык борбордо жарыялаган жатат.

Маалыматтарга караганда, АКШ администрациясы Батыш Африкага 3000дей аскер кызматчысын жөнөтөт.

Алар жергиликтүү бийликтерге медициналык жана логистикалык жардам көргөзүп, эпидемияга кабылгандарды изоляциялоо жана дарылоо үчүн талап кылынган керебеттердин санын көбөйтүү багытында иш жүргүзөт.

Обама администрациясы акыркы апталарда эпидемияга каршы жеткиликтүү чара көрбөгөнү үчүн сынга алынып жаткан эле. (UE)

XS
SM
MD
LG