Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Парламент чек арадагы жарандарга курал берүү демилгесин талкуулады


Жогорку Кеңеш “Ыйгарым укуктуу чек арачылар тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө жолдоду. Аталган мыйзамга ылайык, чек ара аймактарында жашаган жай тургундарга курал берүү каралган. Аны иштеп чыккандар чек ара тактала элек аймактарда коопсуздукту сактоого көмөктөшөрүн билдирүүдө. Бирок айрымдар жөн-жай жарандарга курал берүү чек ара чатактарын тереңдетиши мүмкүн деп каршы болууда.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасынын көп бөлүгү тактала элек. Мындан улам мезгил-мезгили менен ар кыл чатактар орун алып келет.

Ушул тушта республика боюнча 100гө жакын ыйгарым укуктуу чек арачы бар. Алар негизинен чек арага жакын алыскы, тоолуу аймакта жашаган малчылар, токойчулар болуп саналат. Алардын иш-тартиби Чек ара кызматынын атайын жобосу менен жөнгө салынат жана бул документте курал берүү жагы каралган эмес.(BkA)

XS
SM
MD
LG