Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Кытай лидери Индияга барды


Кытайдын төрагасы Си Цзинпин бүгүн үч күндүк расмий сапар менен Индияга барды. Соода-сатык жана инвестициялык алаканы жакшыртуу максатын көздөгөн сапар учурунда чек ара маселелери да талкууланат.

Индиялык маалымат каражаттарынын белгилешинче, Пекин Индияда авто жана темир жолдорун курууга, дагы бир катар инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга каражат бөлүшү ыктымал.

Эки өлкө ортосундагы мамиле быйыл май айында бийликке Нарендра Моди баштаган өкмөттүн келишинен кийин жакшыра баштады. Ал өлкөнүн экономикасын көтөрүп, Кытай менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү убада кылган болчу.

Кытай Индиянын башкы соода өнөктөштөрүнүн бири. Эки өлкө ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 70 миллиард долларга жетет. Бирок Гималайдагы чек ара маселелерине байланыштуу ортодо утур-утур чыңалуу пайда болуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG