Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Аба ырайы


Шашылыш эскертүү:

18-20-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 18-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. 19-сентябрда көпчүлүк аймактарда, 20-сентябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт.

Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

20-21-сентябрда Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде 0…-20 үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчалар жана жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Аба ырайы

18-сентябрда өлкө аймактарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27,

Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13...18 күндүз 26...31,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26 болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 12…14, күндүз 27…29 градус болот.

XS
SM
MD
LG