Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Ысык-Көлдө балдарды коргоо борборлору ачылды


Каракол шаарында жана Түп районунда балдардын укугун коргогон эки борбор иштей баштады. Ал жерде жеткинчектер акысыз психологиялык кеп-кеңештерди жана социалдык жардамдарды алса болот. Долбоор ЮНИСЕФ жана “Балдар укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун каржылык көмөгү менен иш жүргүзөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фонддун жетекчиси Назгүл Турдубекова кабарлады.

Мындай долбоор буга чейин Бишкек шаарында ачылган.

ЮНИСЕФтин анализи боюнча, Кыргызстанда 72 пайыздан ашуун баланын укугу сакталбай келет. (SE)

XS
SM
MD
LG