Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:05

Сузакта баткенчилерге арналган эстелик ачылды

Райондук эс алуу багында Баткен согушунда курман болгондорго арналган мемориалдык такта ачылды. Бул тууралуу Баткен согушунун Жалал-Абад облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустам Амираев билдирди. Эскерүү тактасы кеңеш мүчөлөрүнүн демилгеси менен жеке ишкерлердин каржылык көмөгүндө курулду.

Кыргызстанда 26-октябр жыл сайын Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленет.

Баткенде террорчуларга каршы согуш 1999-жылы болгон. Анда элүүдөн ашуун кыргызстандык набыт кеткен. (RsK)

XS
SM
MD
LG