Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Бишкекте этнобий таймашы болот


Бүгүн “Бишкек Парк” комплексинде кыргыздын байыркы бийлери боюнча таймаш өтөт. “Бий battle” деп аталган иш-чаранын уюштуруучусу Самара Сагынбаева билдиргендей, анын максаты – улуттук этнобийлерди эл арасына жайылтуу жана өнүктүрүү.

Таймашта “Кыргыз эл бий” сынагына катышып жаткан топтор тар чөйрөдө жарышуу менен даярдыгын көрсөтүшөт. Таймашка “Санжыра”, ”Жаз”, ”Назик”, “Эксклюзив”, “Салимар” топтору жана кытайлык бийчи, манасчы Жусуп Мамайдын урпагы Тургунаалы катышат. Каалоочулар үчүн мастер-класс өткөрүлөт.

Кыргыздардын “Кара жорго”, “Ийин бий”, “Сынма бий”, “Талма бий”, “Жалын бий”, “Шалкылдама”, "Биймерген" сыяктуу жыйырмадан ашуун улуттук бийлери бар. (SE)

XS
SM
MD
LG