Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Бишкекте улуттук баалуулуктарды коргоо боюнча акция өттү


Жогорку Кеңештин имаратынын алдында “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси акция өткөрдү. Алар борбордогу “Цех” өнөрканасындагы заманбап сүрөтчүлөр көргөзмөсүнө жана өлкөдө чыгарылган алкоголдук ичимдиктерге "Манас”, “Семетей”, “Сейтек” деген аталыштардын берилишине каршы чыкты.

Акцияга чыккандарды Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев кабыл алып, алардын талаптарын карап көрүү убадасын берди.

Көргөзмөдө сүрөттөрдө калпакчан, элечекчен жана жоолукчан адамдар түрдүү образдарда чагылдырылган. Бул маселе боюнча алар буга чейин да акцияга чыгышкан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG