Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

“Республикадан” чыккан депутаттар кайтып келди


“Республика” фракциясынын курамынан чыгып кеткен 11 депутат фракция мүчөлүгүнө кайрадан киргизилди. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Максат Сабиров билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 17-сентябрда өткөн фракциянын жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин “Республика” фракциясында талаштуу жагдай түзүлгөн. Депутаттардын бир тобу “Республика” фракциясынын лидерлигине Абдыжапар Бегматовду шайлашканын жарыялашкан. Ал эми Максат Сабиров жетектеген бир канча депутат бул чечимдин мыйзамсыз экенин билдирип келген.

“Республика” фракциясында 23 депутат бар болчу. Учурда алардын 15и “Республиканын” курамында калды. Ал эми төрт депутат: Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров жана Абдулатип Режавалиев “Өнүгүү” депутаттык тобуна, Алтынбек Сулайманов, Нурбек Мурашев, Исхак Пирматов жана Абдыжапар Бегматов “Бир бол” депутаттык тобуна бөлүнгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG