Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:35

"ВКонтакте" социалдык тармагына жаңы жетекчи келди


Орусиядагы эң популярдуу делген "ВКонтакте" социалдык тармагына Борис Добродеев башкы директор болуп келди. Бул орун социалдык тармакты негиздеген Павел Дуров апрель айында кеткенден бери бош турган. Компаниянын маалымат кызматы, Добродеев стратегия, каржы жана коммерциялык иштерди башкарарын билдирди.

21-апрелде 29 жаштагы Дуров “ВКонтакте” сайтындагы үлүшүн күчкө салып сатып алышканын айткан. Сайт толугу менен кремлчил эки олигархтын: Алишер Усманов менен Игорь Сечиндин колуна өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG