Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:50

Порошенко АКШ Конгрессинде сүйлөйт


Украин президенти Петро Порошенко бүгүн расмий визит менен АКШга келди. Ал президент Барак Обама менен жолугушуп, Конгрессте сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө. Расмий сапардын алкагында Порошенко вице-президент Жо Байден, Палатанын спикери Жон Байнер, мамлекеттик катчы Жон Керри менен жолугат.

17-сентябрда Порошенко Канадага иш-сапары менен барган. Ал жакта Украинага 200 млн. доллар насыя берүү боюнча келишимге кол коюлду. Каражаттын колдонулушу боюнча аудитти Канада өздөрү жүргүзмөй болду. Премьер-министр Стивен Харпер, Канада украин өкмөтүн колдой турганын жана Крымдын Орусияга кошулуусун тааныбай тургандыгын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG