Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

“Ислам мамлекети” күрттөр жашаган 16 кыштакты басып алды


Өзүн “Ислам мамлекети” деп жарыялап алган радикал топтун согушкерлери Сириянын түндүгүндөгү күрттөр жашаган 16 кыштакты басып алды.

Элдик коргонуу отрядынын башчысы Ожалон Исонун Reuters агенттигине билдиргени боюнча, радикал исламчылар топ оор техникаларды,анын ичинде танкаларды да колдонушкан. Алар басып алган аймак Түркия менен чектеш Айн-эл-Араб шаарына жакын. Британияда жайгашкан Адам укуктарын көзөмөлдөө борборунун башчысы Рами Абдулрахман 16 кыштакты согушкерлер басып алды деген маалыматты тастыктады.

Бүгүн өкмөттүк күчтөр радикал исламчылардын көзөмөлүндө турган Эл-Баб шаарына чабуул жасаган. Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, анда 12 адам каза болуп, онго жакыны жараат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG