Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Минскте Украина боюнча топтун жолугушуусу өтөт


Минскте бүгүн Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча атайын топтун кезектеги жыйыны өтөт. Расмий Киевдин өкүлү, Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучманын айтымында, жолугушууда тараптар ок атышууну токтотуу тууралуу мурда кабыл алынган протоколду аткаруу жолдорун талкуулашат.

Минск жолугушуусуна элдик республика деп өзүн өзү жарыялап алган Донецктин биринчи вице-премьери Андрей Пургин катышат. Анын билдиргенине караганда, бүгүнкү жолугушууда Донбасска өзгөчө статус берүү тууралуу маселе да каралышы мүмкүн. Буга чейин Донецк жана Лугансктын жетекчилери украин бийлиги сунуш кылган өзгөчө статустан баш тартып коюшкан болчу.

5-сентябрда Беларуста өткөн жолугушууда Украинанын түштүк-чыгышында орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк аскерлер ортосунда ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу кабыл алынган. Бирок ал аткарылбай келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG