Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Франция Ирактагы согушкерлерге абадан сокку урду


Франция аскерлери Ирактагы өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террорчул топ жайгашкан жерлерге абадан алгачкы сокку урду. Президент Франсуа Олланддын администрациясы тараткан маалыматка караганда, Ирактын түндүк-чыгышында согушкерлердин логистикалык кампалары толук жок кылынды. Жакынкы күндөрү Франция мындай соккуларын дагы улантмакчы.

Франция АКШнын Ирактагы согушкерлерге каршы аскердик аба операциясына кошулган биринчи өлкө.

Кечээ президент Олланд Франция Ирактын түндүгү жана батышындагы көп жерлерди ээлеп алган согушкерлерге каршы күрөшкө катышууга даяр экенин, бирок Сириядагы операцияга катышпасын айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG