Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Москва: Өрттөн жабыркаган кыргызстандыктар арасында алты айлык ымыркай бар


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бейшембиден жумага караган түнү Москвада өрт кырсыгында жабыркагандар боюнча алдын ала такталган маалымат таратты. Ага ылайык, көп кабат үйлөрдүн биринде өрт чыгып, төрт кыргызстандык мерт кеткен. Алар - 20 жаштагы Эрлан Абдыкаров жана Анваржон уулу Баяман менен жубайлар Урмат Токтосунов (1988-жылы туулган) жана Айжаркын.

Ал эми жараат алган Гүлназ Өкүмалиева реанимацияга жаткырылды, анын күйөөсү Кожоназар Арзыматовдун абалы оор. Алардын балдары, дем алуу органдарынан күйүк алган беш жашар Кожоназар кызы Элнура, эки жашар Кожоназар уулу Улар жана алты айлык Арзыматова Акманай менен кошо ооруканага жаткырылган Күнбеков Байэл жакынкы күндөрү ооруканадан чыгары айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG