Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Ош: сабалган жоокердин жакындары митинг өткөрүп жатат


Оштогу №30-626 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатып таякталган жоокер Асилбек Ажиевдин жакындары Ош гарнизондук аскер прокуратурасынын алдына митингге чыгышты.

Оштогу №30-626 аскер бөлүктүн катардагы жоокери Асилбек Ажиев офицерлер: Ырысбек уулу Эрлан жана Нургазы Чекиров тарабынан мындан үч ай мурда сабалган.

"Азаттыктын" аймактык кабарчысынын билдиришинче, Ажиевдин таламын талашкан 30 чакты адам Ош гарнизондук аскер сотунан адилеттүү чечим чыгарууну талап кылууда. Бүгүн аталган сот жоокерди сабады деп убактылуу кармоочу жайга камалган эки офицердин баш коргоо чарасын карайт.

Бул арада Асылбектин бутуна экинчи ирет операция жасалганы турат. Жоокердин туугандарынын айтымында, дарыгерлер жараат ырбап сөөккө өтө баштаганын, анын бутунан айрылуу мүмкүндүгүн эскертишкен. (YI/UEz)

XS
SM
MD
LG