Оштогу №30-626 аскер бөлүктүн катардагы жоокери Асилбек Ажиевди сабаган офицерлер Ырысбек уулу Эрлан менен Нургазы Чекировду Ош гарнизонунун аскер соту бир айга камакка алууга чечим чыгарды. Бул тууралуу Аскер прокуратурасынан кабарлашты.
Кечээ Ажиевдин таламын талашкан 30 чакты киши шаардык сот алдында митинг өткөрүп, адилеттикти талап кылышкан. Алар жоокерди токмоктогондор үч айдан бери жазаланбай жатканына нааразылык билдиришкен.
Бул арада Асилбектин бутуна экинчи ирет операция жасалганы турат. Жоокердин туугандарынын айтымында, дарыгерлер жараат ырбап сөөккө өтө баштаганын, анын айынан Асилбек бутунан айрылып калышы мүмкүн деп эскертишкен. (YI/UEz)