Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Орусия Ерлан Косаевди Казакстанга өткөрүп берди


Орусия “БТА Банктан” акча уурдады деп шектелген казак жараны Ерлан Косаевди мекенине өткөрүп берди. Казакстандын башкы прокуратурасынан кабарлашкандай, Орусиянын тартип коргоо органдары Косаевди 21-сентябрда өткөрүп берди жана учурда ал Астанадагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

“БТА Банктын” жетекчилеринин бири саналган Ерлан Косаев көп жылдан бери эл аралык издөөдө жүрүп, Брянскта кармалган. Тергөөнүн маалыматына таянсак, Косаев 2005-2008-жылдары “БТА Банктан” ири суммадагы акчаны мыйзамсыз чыгарып кеткен.

XS
SM
MD
LG