Филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиевдин айтымында, бүгүн сегиз томдон турган чет тилдик сөздөрдүн кыргызча түшүндүрмөсүнүн бет ачары болот. Сөздүктү филология илимдеринин кандидаты Аттокур Жапанов түзгөн. Мамбеталиевдин айтымында, андай түшүндүрмө сөздүктөр көптөгөн тилдерде бар. Кыргыз тилинде болсо биринчи жолу түзүлдү. (AiT)