Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Ооганстандын шайлоо комиссиясы Ашраф Ганини президент деп жарыялады


Бирок өлкөнүн шайлоо комиссиянын добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы жана шайлоочулардын катышуусу боюнча маалыматты ачыктаган жок. Жекшемби күнү президенттикке талапкерлер Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла улуттук биримдик өкмөтүн түзүү келишимине кол коюшту. Ага ылайык бийлик бөлүштүрүлүп, Ашраф Гани президент болсо, Абдулла Абдулла өкмөттө жогорку кызматты ээлейт.

Июнь айындагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы бурмаланды деген Абдулла Абдулла добуштарды кайра саноону талап кылган. Кайра саноонун жүрүшү да Абдулланы канааттандырган эмес. Эми тараптар бийликти бөлүштүрүү келишимине жетишти. (AiT)

XS
SM
MD
LG