Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Алымкожоев: “Ислам мамлекети” Кыргызстан үчүн да кооптуу


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ Кыргызстан үчүн негизги тышкы коркунучтардын бири. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда Сириядагы куралдуу кагылыштарга аралашып жүргөн кыргызстандыктар өлкөгө кайра келип, аталган топтун саясатын жайылтышы мүмкүн.

Алымкожоев мунун алдын алуу үчүн диний радикалдашууга каршы күрөштү жандантып, Борбор Азия мамлекеттери биргелешкен аракеттерди көрүүгө тийиш экенин билдирди.

“Ислам мамлекети” тобу Сирия жана Ирактагы экстремисттик аракеттерди ишке ашырып келүүдө. АКШ бийлиги аталган уюмга каршы туруучу эл аралык коалиция түзүү демилгесин көтөргөн. Аны бир катар мамлекеттер жана НАТОго мүчө өлкөлөр колдогон. (JsA\SE)

XS
SM
MD
LG