Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Порошенко: Жаңжал тынчтык жолу менен жөнгө салыныш керек


Президент Петро Порошенко орусиячыл козголоңчулар менен тынчтык процесси үзгүлтүккө учураса, Украина өзүн коргоого даяр болушу керек деп билдирди. Ошол эле кезде президент өлкөнүн чыгышындагы жаңжалдын аскерий эмес жол менен чечилишин жактарын кошумчалады. Кечээ жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюда Порошенко Донецк жана Луганск облустарындагы кармаштар учурунда армия жабдууларынын 65 процентин жоготконун белгиледи.

5-сентябрда Киев менен орусиячыл жикчилер ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Келишим бир нече жолу бузулганына карабай, 19-сентябрда тараптар артиллерия жана башка оор техниканы 30 километрлик буффердик тилкенин сыртына жайгаштыруу жөнүндө сүйлөштү. Бирок жекшембиде Украин армиясынын өкүлдөрү козголоңчулар менен орус аскерлери өкмөттүк күчтөрдү аткылап жатышат деп айыптап, буффердик зона түзбөй турушканын билдиришти.

Москва болсо Украинага аскерлерин жиберип жатат деген маалыматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG